Карасам Англияны Кипр маселеси боюнча бейтарап болууга чакыргандар көбөйүүдө. Бул курулай аракет. Англиянын Кипрда базалары турганда бейтарап кала албайт, калган да эмес, колу канга жуулган, террордук башкаруусун, эл аралык келишимдерге жана коституцияга түкүргөн тозоктук Макариосту анын түрк душманы Министрлер Кеңешин “мыйзамдуу өкмөт” деп тааныган.
Англиядан каалашыбыз керек болгон бир нерсе “Мен базалардан улам жактоочумун, ошондуктан менден бейтараптык күтпөгүлө, акылыңар ордунда болсо айткан кылгандарыма маани бербегиле” дегени. Аны айтпай тургандыгына караганда Англиянын ар кыймылын Грециядан чыккан сөз же аракет дап карап, ага ылайык чараларды көрүшүбүз керек.
1960-жж. Лондондо түрк коомчулугу тарабынан уюштурулган тамакта Лорд Амери да бар болчу. Мен сөзүмдө англиялык өкмөттүн бейтарап болбогонуна арыздандым. “Жолугушуулардагы тендикти Англия бузуп жатат; грек лидери мыйзамдуу өкмөт катары кабыл алып жолугушат, бизге келгенде Коомчулуктун Өкүлү болуп калабыз” деп айттым. Лорд Амери туруп: Денкташтын бул арызы туура эмес. Англия Денкташка эмнеге тең мамиле кылмак эле? Аны талап кылганга Денкташтын кандай акысы бар экен?” деди. Туруп калдым. Зал тынч боло түштү. Кандай жооп кайтарам деп ойлоно баштаганда Лорд Амери сөзүн улантты: Ооба, Англия Денкташка эмнеге тең мамиле кылмак эле? Денкташ да Макариос сыяктуу англиялык аскерлерди жана кош бойлуу аялдарды артынан атып олтүргөн эмес да? деп аяктады. Зал дүркүрөтүп кол чапты. Лорд Амери ордуна, жаныма отурганда “Африканын лидерлерине карасаңыз; бардыгы англиялыктарды өлтүрүп министр, президент болушту. Чыныгы саясат бул” деди. Лорд Амери, албетте, “сиз дагы англиялыктарды өлтүрө баштагыла” дегиси келген жок. Жөн гана адилетсиздиктин себебин белгилеп жатты. Лорд Амери Кипр келишимдери түзүлүп жатканда кызмат өтөп, чогу иштеп, келишимдердин аткарылышы үчүн Др. Күчүк менен бирге ойногон ролду дилген дос болчу!
Англиянын жогорку комиссары азыр Лондондун сандырагына “биз кийлигишпейбиз; келишимди Кипр өзү түзөт” деди. Бекер аракет. 1960-ж. Келишим эки НАТО мүчөсүң согушпасын, укугу тең болсун, аймакта туруктуулукту коргоо үчүн келишим эле. Ошол күнү “Киприоттор келишсин” деп айтылбагандай эле бүгүн да айтылбайт жана анын артында ТҮРКИЯНЫН КИПР БОЮНЧА УКУКТАРЫ эске алынат. Бардык оюн бул. Бардык оюн Түркияны четтетип англиялык базаларды коргоп, кыска мөөнөттө Кипрди ЕБ аркылуу Грецияга кошуу болуп саналат. АКШ жана Англия бул маселе боюнча келишип алышкан. Алар гректер менен бирге “Түркиянын ЕБнин мүчөсү болушуна аракет жасагандай корүнгөнүнүн” себеби Түркия бул жолдо алдыга жылуу үчүн бардык нерсени аткарууга мажбур болот деген ой. Ага каршы сөз менен протест эмес иш-аракет керек. Кипр маселеси Түркиясыз чечилбейт. Түркиянын жана ТКТРнын кызыл сызыгы Түркиянын парламентинде добуш берүү менен кабыл алынган сызык: Конфедерация; ТКТРнын орток боло турганы бул бир келишим. Өзүбүзгө кайтсак. Түрктөр Кипрдин бөлүнүшүнө эч макул болбойт. Жер ортолук деңизде туруктуулук каалагандар аны билиши керек.