Др. Ерхан Арыклы ТКТР Орто Азиядагы өкүлү 2008-05-31 04:19:51
“Маңкурт” түшүнүгү, Чыңгыз Айтматов жана Ататүрк
Мен Маңкурт түшүнүгү менен биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» атуу чыгармасында таанышкам.
Кыргызстан жана Орто Азияга болгон сүйүүм 1980-жылдардын башында Айтматовдун бул мыкты чыгармасын окуганда башталган.
«Маңкурт» түшүнүгү улуу жазуучунун бул чыгармасы аркылуу коомдук жана саясий түшүнүк катары түрк тилине кирди. Ага ылайык “маңкурт” өткөн тегин танган, материалдык кызыкчылыктар үчүн башкаларына баш ийген, атамекен, улут, намыс, ахлак ж.б. моралдык сезим жана ишеничтерден баш тарткан адамдарга карата колдонулган түшүнүк болуп калды. Бүгүн Түрк дйнөсүндө “маѕкурт” деген атка татыктуу көптөгөн интеллигент жана башкаруучу бар..
Кайсы жакты карабасаңыз, миңдеген “маңкуртту” көрөсүз. Алар айрымдары гезиттердин бетиндеги атайын рубрикаларды алып барышса, айрымдары телевидениеде продюсер болуп иштешет. Айрымдары –университетте окутуучу, айрымдары – жарандыкуюмдарынын өкүлдөрү. Айрымдары – өлкө тагдырын чечкен жогорку даражадагы башкаруучулар. Учурда империалисттик өлкөлөр баскынчылык саясатын курал менен курал менен жіргізбјй калган. Алар јз максатын өлкөдөгү бир нече адамдын акыл эсин басып алуу менен жүзөгө ашырышат. Бул иш арзан да болот. Маңкуртташтыруу саясаты буга чейин болуп келген, бүгүн да бар. Күмөнүм жок, эртең да болот. Кечээ маңкурттун башына төөнүн суу терисин кийгизип, ысык күндө кармап эсинен чыгарышкан. Бүгүн болсо бул иштер радио, телевидение, газета аркылуу аткарылып жатат. Антиулуттук билим берүүдө күчсүз жаш акыл-эстер антиулуттук бирөөлөргө кызмат кылган, айткандарынан чыкпаган массалык маалымат каражаттары аркылуу улуттук жана ахлактык баалулуктарды жоготууда. Улуттук жана ахлактык баалулуктарды жоготкон «интеллигент» деп аталган инсандарды аз акчага сатып алуу империалист өлкөлөр үчүн оңой эле иш.
Айтматовдун чыгармасына кайрылсак;
Ал, чыгармасына орус сөзүн эпиграф катары жазган;
Бул китеп – менин тулку боюм
Бул сөз – менин рухум.
Караңгылыктын колуна түшкөндөрдүн кайгысын чагылдырган бул чыгармада калмактар Найман эненин уулу Жоламанды туткунгаалышат. Адатта алар өлтүрбөгөн адамдарын акыл эсин жок кылып маңкуртташтырып салышат экен.
Мында, туткундагы жаш, күчтүү жигиттердин биринчиден чачтары алынып, жаңы союлган төөнүн териси чанач түрүндө суу бойдон башына кийгизилет экен. Тери кургаган сайын байкуштун башы кысылып, жигиттин чачы өсө баштаганда азабы дагы да артып, териден өтпөгөн чачтар кайра баш териге кирип, жигиттин азабы ого бетер күчөйт. Чөлдөгү катаал күндүн астында колу бутун байланып, күндөп ачка, суусуз калган беш манкурттунбири же экөө чыдап, калгандары чыдабай набыт болушкан.
Аман калганы маңкурт болот.
Айтматов маңкуртту мындай сүрөттөйт: «Маңкурт кимэкенин, каяктан келгенин, атын билген эмес. Балалыгын, ата-энесин билген эмес. Кыскасы, бир маңкурт адам экенин да унуткан. Ал ит сыяктуу ээсин гана угат. Башка адамдар менен байланыш тізбјйт. Болгон иши кінімдік муктаждыктарын гана кандыруу болгон. Нан берген ээсинин бардык буйругун аткарган. Ээсинин буйругу маңкурт үчүн эң жогоркумыйзам болгон..»
Найман эне согушта жоготкон баласын издеп Орто Азиянын чексиз талаасын кыдырып жөнөптүр. Сары- Өзөк чөлүндө жалгыз төө кайтарган маңкуртка жолугуп, анын уулу Жоламан экенин билгенде сійінічі дачексиз сійінічкј да , кайгыга да кабылат:
«Мени тааныдыңбы?» - деп сурайт.
«Жок»- деп,маңкурт башын ийкейт.
«Атың ким?»- деп Найман эне сурайт.
«Маңкурт»- дейт, куру караган жигит.
«Балким азыр сеени ушинтип аташат. Бирок мурдагы атың ким эле? Јз атыңды эсте!»- деп, Найман эне кыйкырат.
Маңкурт унчукпайт. Энеси уулунун јткянін эстөөгө кылган кјрјт. Жоламан кара терге тішіп, көздөрүн караңгы басат. Бирок, алдындагы көр дубалды ашып јтјалбайт.
«Атаңдын аты ким эле? Өзүң кимсиң, кайдан келдиң? Жок дегенде ушуну билесиѕби?»- деп сыздайт Найман эне.
Жок, Маңкурт эч нерсени эстебейт, билбейт экен..
Энеси: «Сени эмне кылышкан!»- деп, үнү кысылат эненин. Эриндери титиреп, айласы куруган, ачуусу мененкайгысы аралашып, солуктап ыйлай баштайт: «Бирөөнүн мекенин алса болот, малын, мүлкүн алса болот, ал тургай өмүрүн алсын! Бирок,мындай шумдукту ким ойлоп тапты? Адамдын акыл-эсин алууга кимдин колу барды? Жараткан! Эгер бар болсоң, адамдардын мындай ишке барышына кантип жол бердиѕ? Дүйнөдө башка кырсыктар жетпейби?»
Андан соѕ, маңкурт уулунун көздөрүн карап, Сары-Өзөк тарыхы айтып сыздап,Күн Теңирге карылып, арманын зар какшады: «Мен - ботосу өлгөн боз инген. Качанкы јлгјн ботонун, тулубун келип искеген…» Кыйрына кјз жеткис чөлдүн ортосунда жаѕырган эненин асман-жерди титиреткен ый аралаш іні, маңкуртка эч таасир берген жок.
«Сенин атың Жоламан. Уктуңбу, Жоламан. Атаңдын аты Дөнөнбай. Атаң эсиңде жокпу? Кичинекей кезиңде сага жаа менен ок атканды үйрөткөн. Мен болсо энеңмин. Сен менин баламсың. Сен Наймандан чыккансың, түшүндүңбү? Сен Наймансың!»
Калмактар Жоламанды ушунчалык маңкуртташтырышкан экен, ал энесин да эстеген жок, энесинин айткандарын да түшүнгөн жок.
Анан алыста атчан калмак көрүнөт. Найман эне качып, жашынат. Аны көргөн калмак ал аялдын калмактарга душман экенин, ээсинин душманын болсо өлтүрүш керек экенин айтат. Эртеси акылын жоготкон шрдуу маѕкурт энесие душман деп ок атат. Жерге жыгылып тішкјн Найман эненин башындагы ак жоолукгу кушка айланып асманга учат. Кјккјјтјріліп барткан куш ошондо да: « Ким экениңди эсте! Атың ким? Сенин атаңДөнөнбай, Дөнөнбай!»-деп кыйкырат.
Биз жогоруда маңкурт тішінігінін Түрк дүйнөсүндө барган сайын саясий түшүнүккө айланганынан жана жеке кызыкчылыктарын улуттук кызыкчылыктаан жогору койгондорго карата колдонулганынан айтып јттік.
Улуу жол башчы Ататүрк сөздөрүндө булмаселеге көп кайрылат жана журтту, айрыкча түрк жаштарын сак болууга чакырат.
Ататүрктүн жаштарга кайрылуусубул чынында – маңкурт жөнүндө билдирүү. Түрк жаштары Ататүрктүн жаштарга кайрылуусун акыл эсинен чыгарбашы. Улуу жол башчы 1921-жылы 1-мартта Мажилистин ачылышындагы сөзүндө маңкурт башкаруучуларга мындай айтканы бар: «Бир элдин башындагылардын жеке кызыкчылыктары жана жеке талаш-тартыштары ата мекен жана улут алдындагы жоопкерчиликтен өйдө турса, анда бул мамлекеттин бөлүнүшүнө жана кыйрашына жол бербөө мүмкүн эмес.»
Сиздин оюңузча азыр Түрк дүйнөсүндө канча миллион Дөнөнбай кушу учуп жүрөт жана «Ким экениѕди эсте...Сен кимсиң?» - деп кара жанын карч куруп жар салууда?