Глобалдашкан дүйнөдөгү Түркиянын тышкы саясатына кыскача көз караш 2008-07-06 06:31:03
Республика болуу менен алгачкы жылдарда Түркия тышкы эмес ички иштерге көбүрөөк багытталган политика жүргүзгөн. Буга ылайык Ататүрктүн «Өлкөдө тынчтык – дүйнөдө тынчтык» деген сөзүн айтсак болот. Ататүрктөн кийин да бул политика улантылган. Бирок, 1945-ж. 7-июнда Советтер Союзунун Түркиянын Москва элчилигине берген билдирүүсү менен Түркиядан Карс Ардахан жана Артвин областтарын талап кылуусунан улам Түркия Советтер Союзунун коркунучуна каршы башкалары менен бирдик издей баштаган.
CCCР Молотовдун атынан бул талаптардан канчалык баш тартса да анын жайылуу политикасындан корккон Түркия НАТОго кирип, таянычка ээ боло алган. Балкан пакты, Сенто ж.б. булар Түркиянын жалгыз калбоо аракеттеринин натыйжасы.
Түркия өзүн экономикалык жактан да өнүктүрө алган уюмдар менен кызыккан жана 1960-ж. ал убакта ЕЭБ болгон Европа Биримдиги менен Анкара келишимине кол коюп, Европанын бир мүчөсү болуу жолунда 150 жылдан ашкан тарыхка жаңы бир багыт берди.
Осмон Империясынын аскердик басымдыгы жоголуп, өнүгүүсү боюнча Европадан артта кала баштаганда Осмон империясынын интеллигенттери Европаны бир өрнөк кыла башташкан. Бул пикир 1856-ж. Париждеги Тынчтык конференциясында ачык айкын болгон.
Ошол мезгилдерде да көптөгөн интеллигент башкаруучулар түрктөрдүн Европа баалулуктарын бөлүшпөйт деп ойлошкон. Европалыктардын түрктөрдү кабыл албай жаткандыгынын эң негизги себеби жүздөгөн жылдардан бери Европада уланып келе жаткан түрктөрдүн жеңүүлөрү жана алар жараткан коркунуч болуп саналат.
Европадагы түрктөргө болгон коркунуч жана жек көрүү көптөгөн жылдардан бери Европада үстөмдүк кылган Аттиладан башталып, аварлар, болгарлар, осмон мезгилинде улантылган. Болжол менен 15 кылымды камтыган бул окуя европалыктарда чоң коркунуч туудуруп келгенин жана азыркыга чейин уланып келгенин кээ бир европалык интеллигенттер моюнга алып келишет.
Тынчтык тирешүүдөн пайда болгон союздук мезгилде ортодо көп оорчулук жок эле. Анткени, Батыш Европага коркунуч туудурган Совет блогуна каршы бир “Буфердик өлкө” ролун ойногон.
Советтер Союзунун кулашынын артынан Түркиянын Европага болгон жакындашуусунда аскердик эмес экономикалык, маданий, адам укуктары жана саясий маселелерди алдыга кое баштаган.
Болбосо, ал мезгилдеги аты менен Европа коомчулугу жана Түркиянын 1963-ж. кол коюлган кызматташтык келишиминде экономикалык кээ бир шарттарды аткарса ЕЭБнин толук мүчөсү боло ала тургандыгы белгиленген.
Бирок, ага каршы өлкөлөр жана европалык уюмдар шарттарды оорлоштуруп, аткарылуусу мүмкүн болбогон барьер чыгара башташкан.
1990-жылдардан кийин ЕБ Түркияны четке кагып, СССРдин кулашы менен эгемен болгон Чыгыш Европа өлкөлөрүнө кучагын жайды. Өнүгүү критерийлери боюнча Түркиядан аябай эле артта калган бул өлкөлөргө Түркияга коюлган шарттардын эч бириси коюлган эмес.
1963-ж. Анкара Келишими менен башталган кызматташтыктын маанилүү жетишкендиги 1995-ж. кол коюлган Бажы Биримдиги болгон. ББ Чечими экономикалак биргелешүүдө бир баскыч болсо да чечимдин эконмикалык эмес саясий таасири көбүрөөк. Бул маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн АТОнун берген сандары кызыктуу. АТОнун башчысы Синан Айгүндүн билдирүүсүндө
Түркия ББне киргенден 2003-ж. чейин ЕБ менен болгон соодада 67.8 млрд дефицит болгон. Түркия толук мүчө боло электе ББне кирген жалгыз өлкө, Греция 1981-ж. толук мүчө болгондон кийин ББне 1986-ж. Испания жана Португалия болсо 1986-ж. мүчө болсо да ББне 1993-ж. киргендигин белгилеп, Түркияга койгон кош стандарддарды белгилеп кеткен. Ошондой эле ЕБнин ББнен улам пайда болгон 3 млрд. еврону түзгөн зыянды жабуу үчүн жардам берүү керек болсо ар кандай шылтоо менен бербей келет дейт Айгүн.
Мүчө болууда аткарылышы оор, мүмкүн болбогон беренелердин айрымын мындайча берсек болот;
А) ЕБ Түркиянын калкынын санынан коркууда:
Түркия ЕБде калкынын саны боюнча экинчи орунда жана азыркы темп менен 50 жыл ичинде биринчи болот. БУУнун маалыматтарына караганда 2050-ж. Түркиянын калкы 99 млн. Гермкнияныкы 70 млн. Италияныкы 43 млн. Англияныкы 58 млн. Францияныкы 61 млн. болот.
Калкынын көп болушу менен ЕБнин мүчөсү боло турган болсо ЕБ парламентинде эң көп мүчө менен өкүлчүлүк кылган өлкөгө айлануу мүмкүнчүлүгү расмий түрдө айтылбаса да кээ бирин ыңгайсыз абалга коюууда.
Кеңеште да добуш коэфиценти жагынанэң көп добушка ээ мүчө өлкөлөрдүн бири болот. Буга ылайык калкына жараша чечим чыгарууда Ницца келишиминде, Конституция проектисинде орун алган көптүк менен чечим кабыл алуу учурларда маанилүү роль ойногон өлкө болуп калат.
Түркия азыр ЕБнин калкынын 11.8 %менен Германиядан кийинки калкы боюнча чоң өлкөгө айланат.
Б) Калк башына түшкөн киреше Европа стандарттарынан төмөн. Түркияда ал 5000$ түзсө кедей деп эсептелинген Греция жана Португалияда 12000$ тегерегинде.
В) Түркиянын агрардык секторунда калактын саны көп. Калктын 40% айыл чарбасы менен алектенсе, мисалы Англияда бул катыш 2% түзөт.
Г) Түркияда региондорго жараша киреше бөлүштүрүлүшү ар түрдүү. Түркиянын батышы ЕБ стандарттарына тура келсе да чыгыш жана түштүк-чыгыш областтарда жашоо деңгээли төмөн.
Д) Түркиядагы коомчулуктун ачыктыгы да ЕБнин критерийлеринден аябай жогору.
ЕБ өз кызыкчылыктарын Түркиянын алдына тоскоол катары коюшу туура кабал алынышы мүмкүн. Кээ бир саясий жана экономикалык критерийлерди жөнгө койбостон биримдикке алынбай тургандыгын түшүнүү мүмкүн.
Негизги маселелер демократия жана адам укуктарын камтыган саясий критерийлер түзөт. Түштүк-чыгыш маселеси, Армения, Кипр, Греция менен болгон маселелерден башка “Фонддор боюнча мыйзам” “Фенер грек патриархынын абалы” “Хейбелиада Рухбан мектеби” сыяктуу Коппенгаген критерийлеринде болбогон шарттар тоскоолдук болуп калууда.
Хельсинки саммитинде Түркияны талапкер өлкө катары кабыл алуу менен ЕБ Кеңеши талапкер өлкөлөрдүн ортосундагы чек ара маселелерин чечүүнү, болбосо Эл аралык сотто чечилишине көрсөтмө берген.
Түркия менен Греция арасындагы маселени чечүүнүн акыркы убактысы 2004-ж. болчу. Бирок, эмнегедир, бул шарт Кипр маселесине тийиштүү болбой, чечим кабыл алынбай эле гректердин ЕБне алына тургандыгы бир нече жолу айтылган.
ЕБнин бул мамилеси гректердин келишпөө позициясын күчтөндүрүп, “Эмне болсо да мүчө болгондон кийин Түркияны бир бурчка кысып, каалаганыбызды алабыз” деген ою менен Аннан Планына “Жок” дегенге себеп болгон.
Түркия 200 жылдан берки ЕБне кирүү аракеттерин карап чыгуу абалына келди.
Мамлекеттик ишмерлер “ЕБнен башка альтернатива жок” деп башка жолдорду четке какпоо керек. Түркия баалулуктары менен эң көп тышкы политика альтернативаларына ээ болгон өлкөлөрдүн башында турат