10-июнь 2008-ж. арабыздан кеткен Чыңгыз Айтматовдун аза күтүү зыйнаты бүгүн саат 09:00да башталды. Сүйүүчүлөрү зыйнат өткөрүлө турган Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына эрте келе башташты. Имараттын алдана он миңдей адам чогулган. Келгендер болсо имараттын ичинде Айтматовду көрө алышты.
Коштошуу жөрөлгөсүнө президент Курманбек Бакиев, көптөгөн министрлер, Түркиядан президент Абдуллах Гүлдүн атынан президенттик администрациянын генералдык секретары Проф.Др. Мустафа Исен жана Түркиянын Маданият министринин кеңешчиси Исмет Йылмаз катышты.
Айтматовдун сөөгү Ала-Тоо аянтына алып барылды. Бир минуталык аза күтүүдөн кийин Ата бейит мемориалдык-комплексине жеткирилди. Белгилүү болгондой Ч. Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов 1938-ж.Чоң Ташта репрессияланган 137 кыргыз интеллигенттеринин бири болгон.