Кыргыз-түрк Манас Университетинин (КТМУ)маанилүү зыяраты 2008-07-16 06:05:23
Кыргыз-түрк Манас Университетинин Камкордук кеңешинин мүчөлөрү кетээр алдында Ч. Айтматовдун үй-бүлөсүнө көнүл айтуу Ч. Айтматовдун үйүнө барышты.
КТМУ Камкордук кеңешинин мүчөлөрүнөн Түркиянын Жогорку билим берүүнү көзөмөлдөө кеңешинин башчысы Хусейн Чевикбаш жана Анкара Университетинин
Коомдук билимдер факультетинин деканы Проф. Др. Желал Гөле, КТМУ ректору Проф. Др. Сулайман Кайыпов, КТМУ проректору Проф. Др. Угур Орал жана генералдык катчы Проф. Др. Халук Челик менен бирге КТМУ Камкордук кеңешини кеңешчиси жана ардактуу профессору Чыңгыз Айтматовдун жубайына көңүл айтып үйүнө барышты.
Проф. Др. Желал Гөле, “Түрк дүйнөсүнө абдан маанилүү жана зор эмгек сиңирген Ч. Айтматов күтүлбөгөн жерден арабыздан кетиши биз үчүн чоң жоготуу болду. Бул Түркия үчүн да чоң кайгы болду. Маалымат каражаттары алгачкы күндөн баштап байкоосун жана кайгысын айтып келген” деди. Хусейн Челикбаш болсо түрк жаштарынын Ч Айтматовду мектеп жашынан тааныганын жана Айтматовдун жүрөгүбүздө башкача бир орду бар экендигин айтты. Андан кийин университет катары Ч. Айтматовдун аты жашай турганын жана КТМУ Жал кампусуна Ч. Айтматовдун аты берилерин айткан Хусейн Челикбаш өзгөчө Ч. Айтматовдун атына өткөрүлө турган иш-аракеттер менен да дайымы жүрөктөрдө жашай турганын белгиледи. КТМУ проректору Проф. Др. Угур Орал болсо КТМУ Камкордук кенешинин башчысы жана Түркия Каржы министринин кеңешчиси Хасан Басри Актандын көңүл айтуу катын берди.
Андан кийин делегация Ата Бейит комплексине барды. 1937-ж. Сталиндин убагында кыргыз интеллигенттери массалык түрдө өлтүрүлүп ушул жерде көмүлгөн. 1993-ж. Ата Бейитке көчүрүлгөн. Ч. Айтматовдун атасы Т. Айтматов менен бирге бул жерде 138 кыргыздын алдыңкы адамдары жатат.
Ч. Айтматовдун каалоосу менен ал атасынын жанына коюлган. Делегация мүрзөгө гүл коюп, куран окушту.