Ооганстан түрктөрү федерациясынын курултайы үстүбүздөгү жылдын 17-майында башка өлкөлөрдө жашаган Ооганстан түрктөрүнүн аладыңкы интеллигенттери Мухаммед Ватандост, Фейзуллах Элбурз, Проф. Шехрани, Бисмиллах Мейменеги, Др. Кемеруддин Муселлех, Ахмет Шах Девети Фарьяби, Др. Абдуллах Рехими, Фириште Зияйи, Др. Аманнуллах, Ген. Абдул Гафур, Эседуллах Азиябандын катышуусу менен Голландиянын Тилбург шаарында өттү.
Курултайда Ооганстан түрктөрү федерациясынын түзүлүш максаты катары Ооганстандагы жана анын сыртында жашаган Ооганстан түрктөрүнүн тилин, тарахын, маданиятын өнүктүрү жана маданий иш чараларды көп көп өткөрүү белгиленди.
Федерациянын алгачкы конгрессиндеАмерика, Канада, Түркия, Германия, Голландия, Норвегия, Бельгия, Швеция, Швецария, Дания, Англия, Түркестан (Орто Азия) ж.б. өлкөлөрдөн Ооганстан түрктөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Курултайда Ооганстан түрктөрүнүн бүгүнкү абалы саясий абалдын кандай таасирлерди бергендиги тууралуу маалымат берилди
Курултайда Др.Химмет Фарьяби Ооганстан түрктөрү федерациясынын төрагасы, Фириште Зияйи жана Кемеруддин Муселлех болсо төрага орун басары болуп шайланды. Курултайга катышкандардан 33 киши федерациянын активдүү мүчөлөрү катары дайындалды.
Курултайда эң маанилүү тема Ооганстанда колдонулган түрк тилинде (өзбекче жана түркмөнчө) китеп жана журналдардын чыгарылышы жана бул тилдерде иш жүргүзгөн телевидение түзүү керектиги белгиленди.
Башка бир тема болсо Ооганстандын көпчүлүгүн түзгөн фарсча сүйлөшкөн каспий түрктөрү менен жакшы байланыштарды түзүү, Ооганстандын саясий аренасында бирдиктүү болуу, Ооганстан түрк урууларынын арасында маданий иш чараларды чыңдоо болду. Курултайга каспий түрктөрүнүн өкүлү катары Небизаде катышты.