Грек тараптагылар менен жолугуп сүйлөшкөн же таандык болгон уюм, бирикмелердин атынан чогулуштарга катышып, гректер менен бирге «орток билдирүү» жасаган адамдарыбыз Кипр боюнча гректердин айткан сөздөрүнө этият болуулары зарыл.
Бул темада катачылыктан алыс болуу үчүн өткөн окуяларды жакшы билүү керек. Бул бизди кайрадан Билим берүү министрлигинин «ЕБнин нормаларына туура келсин» деп даярдаткан тарых китептерине алып келет, бирок макалабыз тарых китептери жөнүндө эмес. Бул маанилүү маселе боюнча аты бар өзү жок тарых уюмунун иш-аракетке өтүшүн күтүп жатам. Ошончолук тарых мугалимдеринин бул боюнча кайдыгерлиги кайгылуу маселе.
Грек-түрк биргелешкен делегациялары жолугушуп «орток билдирүү» жасашат. Пресс-жайындагы «орток билдирүүдө»: «мүмкүн болушунча тез арада туруктуу жана функционалдык чечимдин табылышын» көздөшөт. Мен бул сөздөрдөн корком. Анткени, «туруктуу жана функционалдуу» 1960-ж. орток өлкөнү «функционалдуулугу жок» деген жалган жалаа менен «түрктөр каршы чыкты» деп кыйраткандар 44 жылдан бери «мыйзамдуу өкмөт» деген негизсиз сөздүн артына жашынып, аралды бүтүндөй ээлеп алууга аракеттенип жатышат. 44 жылдан кийин бул бетке күлүүлөрдүн жана «шашылыш функционалдуу жана туруктуу» келишим каалап жаткандай көрүнгөндөрүнүн жалгыз гана себеби - Түндүк Кипр Түрк Республикасынын таанылуу шарттарына ылайык келгендигинде. 1959-60-ж. аралдын кош Енозис формуласына ылайк бөлүнүү коркунучун четке кагуу үчүн биргелешкен кызматташтыкка макул болгондой көрүндү да үч жылдан кийин кыйынчылыктарыбызга жол ачты. Каалабаган орток иш-чаралардан кутулуу үчүн киришкен ар бир себепти эми жаңы бир келишимдин негизи катары кароону каалап жатышат.
Гректердин ою боюнча 1960-ж. Орток өлкө эмнеге жашай алган жок? Алардын ою боюнча 1960-ж. келишимдердин иштеп кетүү мүмкүнчүлүктөрү жок эле жана конституция функционалдуу эмес болчу. Анткени, түрктөргө берилген укуктар жана түзүүчү биргелешкен статусу менен гарантиялар тоскоол болгон. Андай болсо гректердин максаты – жаңы келишимде бул тоскоолдуктардан кутулуу. Кристофиас да айткандай түрктөргө бериле турган укутар «грек, армян, марон менен латиндердин укуктарын чектебеши керек». Анын ачыгы «мыйзам алдында теңдик»; Коомдук теңдик, өлкөлөр аралык теңдик, эгемендикте теңдик» дегендик.
Орток билдирүүдө «үч уюмдун өкүлдөрү аралдын кайрадан биригүүсүн камсыз кыла турган тышкы аскер болбогон орток, коопсуз жана бай бир өлкөдө бардык кипрлыктардын укуктарын, коопсуздугун, эркин кирип чыгуусун жана отурукташуусун кепил кыла турган…» бир келишим түзүү каалосун билдиришүүдө. Аны кабыл алган уюмдардын экиге бөлүнгөндүктөн да баш тартканын көрүү мүмкүн эмеспи? Кипрдын аскерлерден бошотулуусуна умтулган грек башкармачылыгы аралдын гректердин аралына айланышын алдын алган Кепилдик келишиминен кутулуу үчүн түрктөрдөн колдоо тапкан. Кандай сонун? Бир мекен, бир эл ичинде 20% коомчулук болууга ыраазы! Түрктөр тарапта аны колдогондор аябагандай аз. Аз да болсо, көптөй көрүнөр! Гректердин пропагандасы катачылыктарыбыздан кантип пайдаланат көрөбүз.